Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Парламент депутаты Гуля Кожокулова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын энергетика тармагында кол коюлган бардык келишимдеринин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Комитет “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун талкуулады. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы былтыр декабрда кол коюлган.


Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, долбоордун жалпы баасы 67,7 млн евро. Анын 61,7 миллиону насыя, 3 миллиону грант, 3 миллиону техникалык жардам түрүндө берилет.

"Насыянын жалпы мөөнөтү 20 жылдык деп чектелип, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил катары каралып, пайыздык чени 1% болот. Долбоор ишке ашса электр менен камсыздоо ишмердүүлүгү жогорулап, авариялык тобокелчиликтер азаят, кайра жаралуу энергия булактарына өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт, жаңы жумуш орундары пайда болот", - деди министрдин орун басары.

"Айрым биздин кесиптештерибиз дагы энергетикалык тармактагы коррупциялык иштерге аралашканы айтылды. Эгер мурда дагы мындай макулдашуулар туура аткарылганда энергетика тармагында кризис болмок эмес. Кандай насыя алсак дагы бул биздин жарандардын, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна илинет. Ошондуктан комиссия түзүүнү биздин ыйгарым укуктарга ылайык карап чыгышыбыз керек", - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева консультациялык кызматтарга кеткен чыгымдарды макулдашуунун алкагында каралган гранттык каражаттардын эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын соода-сатыгы 5-10 эсеге өскөнүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал элчиликтин 2022-25-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып жатып, соңку учурларда Германия биздин өлкөгө болгон приоритеттерин өзгөртүп, саясий деңгээлде жана соода-сатык тармагында активдешүү башталганын билдирди. “2018-жылы сооданын көлөмү 70-80 млн эле болсо, акыркы

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп, дээрлик 30 миңге жеткенин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, акырык 3-4 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосунда саясий багыттагы иштер бир кыйла жакшырган. “Жогорку деңгээлде, президенттин, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сапарлары байма-бай уюштурулууда. Бизнес-делегациялар

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрүн "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" президенти Канат Эшатов Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган. "Салыктар жана акциздер баалардын 25%

Жогорку Кеңеш комитети  28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш комитети 28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ менен өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстанды колдоо тууралуу гранттык макулдашууну үч окууда тең жактырды. Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү үчүн 28,2 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт.