Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп, дээрлик 30 миңге жеткенин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, акырык 3-4 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосунда саясий багыттагы иштер бир кыйла жакшырган.

“Жогорку деңгээлде, президенттин, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сапарлары байма-бай уюштурулууда. Бизнес-делегациялар жылына жок дегенде экиден кем эмес келип жатат. Бизнес форумдар да өтүп жатат. Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жетип, дээрлик эки эсеге өстү. Германияга барып окуп, иштейбиз деген жаштардын саны да кыйла көбөйдү. Ал эми Польшага кирүү жеңил болгондуктан, ал жактагы кыргыз жаштарынын агымы он эсе өскөнү байкалыптыр”,-деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

4-июнда Жогорку Кеңеште жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды. Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү, айрым ченемдерди тактоо жана үй-бүлөлүк, расмий иш-чараларды тартипке келтирүүгө багытталган. Талкуу учурунда депутаттар Улукбек Карыбек уулу жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтса, Камила

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Документ Кыргызстандын жарандарынын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн бардык региондорунда билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең

“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Алтын Казык” жана “Калыс-Ордо”конуштарын бириктирген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жаңы көпүрөнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы инфратүзүмдүк объект район тургундары үчүн Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын суу берүүчү каналы аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылды.

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2–3-июнь күндөрү “Нелегал-ЖККУ-2026” аталышындагы эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчү колдонулган 32 объект көзөмөлгө алынып, 5 өлкөдөн келген жалпысынан 768 чет элдик жарандын документтери