Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын соода-сатыгы 5-10 эсеге өскөнүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал элчиликтин 2022-25-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып жатып, соңку учурларда Германия биздин өлкөгө болгон приоритеттерин өзгөртүп, саясий деңгээлде жана соода-сатык тармагында активдешүү башталганын билдирди.

“2018-жылы сооданын көлөмү 70-80 млн эле болсо, акыркы жылдары 5-10 эсеге өстү. Бул геосаясаттын, өлкөлөрдүн приоритеттеринин өзгөргөндүгүнөн улам болду. Биздин статистика боюнча, 2023-жылы 429 млн доллар болсо, Германиянын маалыматтары боюнча, 703 млн долларды түзгөн. Акыркы кездерде көлөмү азайып жатат. Анын себеби санкциялык режимдин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми 2023-жылдан тарта 2,5 эсеге өсүп же 250%га өсүш болду”,-деп белгиледи Текебаев.

Мындан тышкары окуңуз

Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

Жергиликтүү башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам каралды

4-июнда Жогорку Кеңеште жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды. Документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү, айрым ченемдерди тактоо жана үй-бүлөлүк, расмий иш-чараларды тартипке келтирүүгө багытталган. Талкуу учурунда депутаттар Улукбек Карыбек уулу жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтса, Камила

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Документ Кыргызстандын жарандарынын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн бардык региондорунда билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең

“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Алтын Казык” жана “Калыс-Ордо”конуштарын бириктирген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жаңы көпүрөнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы инфратүзүмдүк объект район тургундары үчүн Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын суу берүүчү каналы аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылды.

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2–3-июнь күндөрү “Нелегал-ЖККУ-2026” аталышындагы эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчү колдонулган 32 объект көзөмөлгө алынып, 5 өлкөдөн келген жалпысынан 768 чет элдик жарандын документтери