Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жатат.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер кабинети жана Энергетика министрлиги Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга кайрылуулар жөнөтүп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ички өндүрүштү өнүктүрүү багытында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Жунда» мунай иштетүүчү заводуна жана «Кыргызнефтегаз» ишканасына барып, өндүрүш иштери менен жеринен таанышышты.

Иш сапарлардын жүрүшүндө президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Алтынбек Рысбеков өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Мындан тышкары, ички рыноктогу баа кырдаалы көзөмөлгө алынганы айтылды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, баа саясаты, логистика боюнча маселелерди талкуулап, рыноктун туруктуулугун камсыздоо чараларын көрүүдө.

Энергетика министрлиги өлкөнү күйүүчү-майлоочу майлар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана алардын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоо боюнча иштер пландуу негизде уланып жатканын, жалпы абал мамлекеттин туруктуу көзөмөлүндө экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media