Адылбек Касымалиев: Электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылат

Адылбек Касымалиев: Электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде электр берүү линияларынынавариялык өчүрүү учурларына тиешелүү маселени көтөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган. Бузулуулардын себептери болуп жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, ошондой эле аткаруучу уюмдардын күнөөсүнөн ЭБЛ үзүлүүсү жана бузулушу, айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси саналат.

Адылбек Касымалиев ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылыкты жаратып, бизнеске зыян келтирерин баса белгиледи. Бул күз-кыш мезгилине активдүү даярдануу учурунда таптакыр жол берилгис көрүнүш.
Ушуга байланыштуу А.Касымалиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго бул маселени жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле республиканын бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин деталдуу изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди.

Министрлер Кабинетинин башчысы министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык курулуш уюмдарынын бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча толук сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media