Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде энергетика министри Алтынбек Рысбеков оңдоо иштерин туура пландаштырууга, каржылык жана материалдык-техникалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле бизнес-пландоону өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, жабдууларды оңдоо жана жаңылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда объектилердин иш жүзүндөгү техникалык абалы, диагностиканын жыйынтыктары жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу эске алынышы зарыл.

Кеңешменин жыйынтыгында «Электр станциялар» ААКсынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштүк жана кадрдык потенциалын чыңдоого, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана электр энергиясын өндүрүүчү жабдуулардын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.

«Электр станциялар» ААКсы — өлкөдөгү электр энергиясын өндүрүүчү негизги компаниялардын бири. Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 80 пайыздан ашыгы ушул компаниянын үлүшүнө туура келет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media
Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш айланма жолду куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды: * “Шнос” май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр жер тилкеси бошотулду; * Өндүрүштүк жана техникалык тейлөө

Ишкер Media
“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media