Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт
10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө.
Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон 15 вагондон турган курам түзүлдү.
Бул Кыргызстандын темир жол тармагы үчүн тарыхый окуя экени белгиленди. Ал жүк ташууларды өнүктүрүүгө жана инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууга жол ачат. Мындан ары Бишкекке жөнөтүлүүчү көмүр Кочкор бекетинде жүктөлөт.
Көмүрдү темир жол менен ташуу Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, жолдордун эскиришин азайтууга жана көмүрдү кыска убакытта коопсуз жеткирүүгө багытталган.
Эске салсак, быйыл 25-июлда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу аяктап, Кочкор бекети ачылган.