Бишкектеги 70% турак үйлөр жылуулук берүү системасына кошулду
2026-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында жылуулук берүү мезгили башталды. Кечки саат 20:00гө карата шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн 70%га жакыны жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы гидравликалык режимди жөнгө салуу менен бирге абоненттерди жылытуу системасына кошуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдирген.
“Жылуулук берүү системасын ишке киргизүү - бир нече этаптан турган татаал технологиялык процесс. Ушуга байланыштуу бардык абоненттерди борбордук жылытуу системасына кошуу бир нече күнгө созуларын билдиребиз” – деп айтылат маалыматта.
Бүгүн “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы турак үйлөргө жылуулук берүү жана системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди улантмакчы.