Швейцария «КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу» долбооруна 5 млн франк берди

Швейцария «КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу» долбооруна 5 млн франк берди

Кечээ, 12-октябрда Ош шаарында “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу” аттуу швейцариялык долбоордун II фазасынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун биринчи фазасы өлкөнүн түндүгүндө ишке ашырылган. Эми экинчи фазасында долбоор Кыргызстандын түштүгүндөгү баштапкы саламаттык сактоо кызматкерлерине колдоо көрсөтөт.

“Долбоор жугуштуу эмес оорулар менен жашаган же ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгон топторго кирген адамдарды натыйжалуу, тегиз, сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга жардам берет. Швейцария Өкмөтү долбоордун экинчи фазасына 5 миллиондон ашык швейцар франкын бөлүп берди”, – деп билдиришти Элчиликтен.

Кошумча окуңуз:

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан