Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоого, инфляциянын кесепетин басаңдатууга жардам берет

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоого, инфляциянын кесепетин басаңдатууга жардам берет

Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Жылдык жыйынга КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КР Финансы министри Алмаз Бакетаев, кыргыз тараптан Эл аралык валюта фондунун кеңешчиси Толкунбек Абдыгулов да катышууда.

Бул иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен, атап айтканда, Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча вице-президенти Риккардо Пулити, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде, ошондой эле Дүйнөлүк банктын КРдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Наквинин катышуусу менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде энергетика, транспорт, агробизнес, туризм жана жеке секторду өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашты.

“Жолугушуулардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагын реформалоону, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык кризистин, инфляциянын өсүшүнүн кесепеттерин жумшартууда КРнын министрлер кабинетине көмөк көрсөтүүнү колдой тургандыгын ырастады”, – деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк Банк тобунун башкаруучулар кеңешинин жана Эл аралык Валюта Фондунун отурумдары жыл сайын өткөрүлөт, анда жакырчылыкты кыскартууга, эл аралык экономикалык өнүгүүгө жана финансылык ишмердүүлүккө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат. Жыл сайын өтүүчү жолугушуулар эл аралык өнөктөштүк үчүн аянтча катары кызмат кылат жана кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан