Евробиримдик Баткендин жабыркаган тургундарына 210 миң евро берет

Евробиримдик Баткендин жабыркаган тургундарына 210 миң евро берет

Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарды колдоо үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) 210 миң евродон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Евробиримдиктин каржылоосу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому (КР КЖУК) аркылуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, өзгөчө үй-жайынан айрылгандарга акчалай жөлөкпулдарды бөлүштүрүүгө багытталууда. Мындан тышкары, ден соолукту жана гигиенаны чыңдоо иш-чаралары, гигиеналык каражаттар жана психологиялык колдоо да көрсөтүлмөкчү.


Евробиримдик гуманитардык жардам боюнча дүйнөдөгү алдыңкы донор болуп саналат. Жардам дүйнө жүзү боюнча муктаж адамдарга карата Европа тилектештиктигинин мисалы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз натыйжасын берип жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) изилдөөсүндө айтылгандай, дүйнөлүк экономика акыркы 10 жыл бою жүргүзүлгөн өтө жумшак акча-кредит саясатынын мезгилинен кийин пайыздык чендердин "кадимки" деңгээлине кайра кайтты. Дүйнөдө пайыздык чендердин туруктуу жогорулашынын кесепеттеринин бири — корпорациялардын каржылык алсыздыгынын күчөшү болду. "Эгер 2019–2020-жылдары компаниялар еврозонада 1,5–2%, ал эми

Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгында жарандардан түшкөн сунуштар эске алынып, долбоордук схемага бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Коомдук угуулар 2025-жылдын 24-25-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага шаар жетекчилиги, долбоорду иштеп чыгуучулар, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, ММК,

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган. Балдар