АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет

АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет

Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 50 млн доллардык бюджеттик колдоо көрсөтүүсүн биринчи окууда ратификациялашты.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КР менен АӨБ ортосундагы «Антициклдик активдүү чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу (BRACE)» келишими боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, программа дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы кризис калктын, өзгөчө калктын аялуу катмарынын кирешелерине, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана макроэкономикалык туруктуулукка тийгизген терс таасирине каршы өз убагында чараларды көрүүгө багытталган.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн АӨБ бюджетти колдоп 50 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөт, анын 25 млн доллары грант жана 25 млн доллары кредит. Бул каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Өлкөдө канча асыл тукум мал бар? – Министрликтин маалыматы

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз натыйжасын берип жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) изилдөөсүндө айтылгандай, дүйнөлүк экономика акыркы 10 жыл бою жүргүзүлгөн өтө жумшак акча-кредит саясатынын мезгилинен кийин пайыздык чендердин "кадимки" деңгээлине кайра кайтты. Дүйнөдө пайыздык чендердин туруктуу жогорулашынын кесепеттеринин бири — корпорациялардын каржылык алсыздыгынын күчөшү болду. "Эгер 2019–2020-жылдары компаниялар еврозонада 1,5–2%, ал эми

Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Башкы план-2050: коомдук талкуудан кийинки жыйынтыктар

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгында жарандардан түшкөн сунуштар эске алынып, долбоордук схемага бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Коомдук угуулар 2025-жылдын 24-25-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага шаар жетекчилиги, долбоорду иштеп чыгуучулар, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, ММК,

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган. Балдар