Европа Биримдиги КРда санариптештирүүнү колдоого 3 млн евро берди

Европа Биримдиги КРда санариптештирүүнү колдоого 3 млн евро берди

Европа Биримдиги республиканын санариптик трансформациясын колдоо үчүн КРнын мамлекеттик бюджетине 3 млн евро же 270 млн сом акча берди. Бул тууралуу ЕБдин маалымат кызматы билдирди.

Грант жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөктөшүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун жакшыртуу, минкабга караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга багытталат.

Бул транштан түшкөн каражаттар ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча
санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

Мындан тышкары, бюджеттик жардам электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен
коштолот.

“Жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Кыргызстандын өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул секторго көрсөтүлгөн жардам Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоого умтулуусун чагылдырат, – деди Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон.

Мындан тышкары окуңуз

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган. Балдар

МинКаб оор машина куруу жөнүндө КМШ макулдашуусун бекитти

МинКаб оор машина куруу жөнүндө КМШ макулдашуусун бекитти

Министрлер Кабинети 2025-жылдын 24-декабрындагы № 827 токтому менен 2025-жылдын 5-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин оор машина куруу тармактарын өнүктүрүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитти. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды. Тышкы иштер министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун

Кафелердеги тамак-аштын баасы 20%га кымбаттады

Кафелердеги тамак-аштын баасы 20%га кымбаттады

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу акы жоюлгандан кийин айрым кафелерде тамак-аштын баасы 20%га чейин өскөнүн Мамлекеттик антимонополия кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай төлөм негизинен Бишкек жана Ош шаарларында колдонулуп келген. Анын өлчөмү 5%дан 15%га чейин түзгөн. "Керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган бардык маселелер боюнча Мамлекеттик антимонополия кызматына

ЕАЭБ өлкөлөрүндө онлайн-сатып алуулар боюнча жаңы эрежелер 1-июлда күчүнө кирет

ЕАЭБ өлкөлөрүндө онлайн-сатып алуулар боюнча жаңы эрежелер 1-июлда күчүнө кирет

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңеши чет өлкөлүк маркетплейстерден жеке адамдар сатып алган электрондук соода товарларын алып кирүүнүн шарттарын жана эрежелерин аныктаган бир катар чечимдерди кабыл алганын ЕЭК маалымдады. Тактап айтканда, бажы төлөмүсүз алып кирүү чеги 200 евро деңгээлинде белгиленип, келечекте аны кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Эгер бул суммадан ашып