Япония Кыргызстанга дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония Кыргызстанга  дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында Кыргызстандын төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 17-январында Япониянын КРдагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Ага ылайык, төмөндөгү 4 долбоор ишке ашырылмакчы.

1. «Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 миң 447 долларга санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

2. «Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 миң долларды түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

3. «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык чөйрөсүн жакшыртуу долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 миң 747 долларга эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

4. «Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 миң 547 долларды түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Мындан тышкары окуңуз

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Отуз-Адыр айылында 53 млн сомго заманбап бала бакча салынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жаңы бала бакча салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган. Балдар

МинКаб оор машина куруу жөнүндө КМШ макулдашуусун бекитти

МинКаб оор машина куруу жөнүндө КМШ макулдашуусун бекитти

Министрлер Кабинети 2025-жылдын 24-декабрындагы № 827 токтому менен 2025-жылдын 5-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин оор машина куруу тармактарын өнүктүрүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитти. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катары Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды. Тышкы иштер министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун

Кафелердеги тамак-аштын баасы 20%га кымбаттады

Кафелердеги тамак-аштын баасы 20%га кымбаттады

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу акы жоюлгандан кийин айрым кафелерде тамак-аштын баасы 20%га чейин өскөнүн Мамлекеттик антимонополия кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай төлөм негизинен Бишкек жана Ош шаарларында колдонулуп келген. Анын өлчөмү 5%дан 15%га чейин түзгөн. "Керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган бардык маселелер боюнча Мамлекеттик антимонополия кызматына

ЕАЭБ өлкөлөрүндө онлайн-сатып алуулар боюнча жаңы эрежелер 1-июлда күчүнө кирет

ЕАЭБ өлкөлөрүндө онлайн-сатып алуулар боюнча жаңы эрежелер 1-июлда күчүнө кирет

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңеши чет өлкөлүк маркетплейстерден жеке адамдар сатып алган электрондук соода товарларын алып кирүүнүн шарттарын жана эрежелерин аныктаган бир катар чечимдерди кабыл алганын ЕЭК маалымдады. Тактап айтканда, бажы төлөмүсүз алып кирүү чеги 200 евро деңгээлинде белгиленип, келечекте аны кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү каралган. Эгер бул суммадан ашып