Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүүдө жардам берүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүүдө жардам берүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорунун жол картасын жана финансылык планын иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани Вашингтондо минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тармагындагы маселелерди талкуулашты. Минкаб башчысы белгилегендей, Кыргызстан бир катар тышкы жагдайларга карабастан, алгылыктуу экономикалык өсүштү сактай алды жана өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү. Минкаб башчысы ошондой эле тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелердин аткарылышына алмаштырууну иштеп чыгууну сунуштады.

«Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине өтүүгө даярбыз, ири долбоорлорду баштоого убакыт келди», — деди Жапаров.

Антонелла Бассани Дүйнөлүк банк ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация системаларын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун жол картасын жана каржылык планды иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда өтө турган Суу форумуна катышууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан