USAID Бишкекке 1 млн сомдон ашык каражатка медициналык жабдууларды тапшырды
АКШ Агенттиги (USAID) Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 млн сомдон ашык суммага медициналык жабдуулардын комплекттерин сатып алып, белекке берди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Гуманитардык жардамды Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жана поликлиникалар алышты. Түштүк борбордун саламаттыкты сактоо уюмуна жабдуулар апрель айынын аягына чейин жеткирилет.
Рентген-сүрөттордү көрүү, дарылоону көзөмөлдөө жана биоматериалдарды ташуу үчүн жабдуулар USAIDдин «Кургак учуктан айыктыруу» долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Кечээ борбор калаанын №3, 4, 5, 6, 7, 8, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Студенттик поликлиникасына рентген-сүрөттөрдү көрүү үчүн негатоскоптор, кургак учукту дарылоону байкоочу жана терс кесепеттерди өз убагында аныктоочу жабдуулар, биоматериалдарды өз убагында жана коопсуз жеткирүү үчүн муздаткыч баштыктар жана контейнерлер тапшырылды.
Буга чейин USAID №1, 2, 9 ҮДБ жана Бишкек темир жол ооруканасына жалпы суммасы 360 миң сомго медициналык жабдуулардын комплекттерин тапшырган.