Үч облустагы ишкер айымдар жаш балдарга билим берүү жаатында бизнес баштоого 2.8 млн сом алышат

Үч облустагы ишкер айымдар жаш балдарга билим берүү жаатында бизнес баштоого 2.8 млн сом алышат

Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2.8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каражат бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталмакчы. Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду колдоого алып жаткандыгы белгиленген.

Демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүшкөн. Үч айлык окуудан кийин катышуучулардын арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланган.

«Мен бала бакча ачайын дегем, бирок кантип ачарымды билбей жүргөм. Бул программага катышуу менин кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү”, — дейт Ноокат районунан келген катышуучу Айнура Савранбаева.

Программанын бүтүрүүчүлөрү бала бакчаларын жана билим борборлорун ачкандан кийин дагы колдоо ала беришет.

«Бул демилге кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү багыттарды бириктирет. Балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Жергиликтүү тургундар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Ал эми, ишкерлер билимге жана тиешелүү тажрыйба алышат”, — деп белгиледи USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кайя Адамс.

Бул иш-чара USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен «Жергиликтүү өзгөрүүлөр» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүшкө салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан