Дүйнөлүк банктын «чакан, кичи жана орто ишканаларга ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоору миссиясы аяктады

Дүйнөлүк банктын «чакан, кичи жана орто ишканаларга ыкчам колдоо көрсөтүү» долбоору миссиясы аяктады

Финансы министринин орун басары РустамТатиковдун Дүйнөлүк банк тарабынан долбоордун жетекчиси Э.Тодороки менен жыйынтыктоочу жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Жолугушууда миссиянын мүчөлөрү долбоорду ишке ашыруудагы олуттуу прогресс үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун келечеги, кийинки миссиянын алкагында долбоорго талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана өнөктөш банктар менен активдүү ишти улантуу үчүн пайызсыз кредиттерди берүүнүн шарттарын өзгөртүү боюнча талкууланды.

Маалымат үчүн: Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен жеке жана каржы секторлорду ыкчам колдоо долбоорун ишке ашырууда. Долбоор кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылайт. Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:

· «Айыл Банк» ААК;

· «Керемет Банк» ААК;

· «РСК Банк» ААК;

· «Азия Банкы» ЖАК;

· «ФинансКредит Банк» ААК;

· «КБ Кыргызстан» ААК;

· «Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААК;

· «Халык Банк Кыргызстан» ААК;

· «Дос-Кредобанк» ААК;

· «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы;

· «Бакай Банк» ААК;

· «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.