Парламенттик комитет СӨФнан турак жайды каржылоо кредиттик макулдашуусун колдоду

Парламенттик комитет СӨФнан турак жайды каржылоо кредиттик макулдашуусун колдоду

Жогорку Кеӊештин комитети КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «КРда турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Эске салсак, ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «КРда турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду долбоорду ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1.5% кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 м2ден 85 м2ге чейин 3 000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Сейитовдун айтымында, 1м2баасы 550 доллар болот. Бирок депутат Жылдыз Таалайбек кызы бул сумма аймактар ​​үчүн өтө эле көп деген пикирин кошумчалады. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”