Садыр Жапаров Германияга тышкы карызды экологиялык долбоорлорго алмашууну сунуштады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен кеңейтилген форматта жолугушууну өткөрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылык жана техникалык кызматташуу маселесине токтолду.
Ошондой эле Садыр Жапаров германия тарапка Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча Германиянын өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.
«Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам», - деди Жапаров.