USAID Кыргызстанга 128 электр эсептегич өткөрүп берди - алар чек арага орнотулат

USAID Кыргызстанга 128 электр эсептегич өткөрүп берди - алар чек арага орнотулат

USAID Кыргызстанга 128 электр эсептегич жана 104 интернет-модем тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жабдуулар USAIDдин Power Central Asia энергетикалык долбоорунун алкагында сатылып алынган. Бул долбоор 39 млн долларлык беш жылдык аймактык энергетикалык программа болуп саналат, ал Борбордук Азиянын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

6-июнда Бишкекке 128 электр эсептегичтер алынып келинди. Сатылган жана сатылып алынган энергияны көзөмөлдөө үчүн алар коңшу мамлекеттер менен чек арага жайгаштырылат. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, бул аппараттар бир айдын ичинде орнотулат. Мындан тышкары 104 даана интернет-модем да жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Yutong маркасындагы жаңы автобустар Бишкекке келди

Yutong маркасындагы жаңы автобустар Бишкекке келди

Кытай Эл Республикасынан жаңы автобустардын биринчи партиясы Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, коомдук транспорт ЕБРРдин "Жашыл шаар" долбоорунун алкагында келишти жана алардын жалпы саны – 20 даана. Узундугу 12 метр болгон жаңы автобустар үч эшиктүү жана заманбап талаптарга жооп берет. Долбоор

Бүгүн "COFFEE FEST KG" фестивалынын ачылышы болду

Бүгүн "COFFEE FEST KG" фестивалынын ачылышы болду

Бишкек шаарындагы К.Кожомкул атындагы спорт сарайда "COFFEE FEST KG" фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Ишчарага кофе индустриясынын адистерин жана бардык кофе сүйүүчүлөр чогулушту. Шаар мэри Айбек Джунушалиев да катышып, өз сөзүндө кофе индустриясынын жана экономиканын маанисин белгилеп өттү: «Бүгүн кофе маданияты шаар турмушунун бир бөлүгү болуп калды: ар

УКМК кызматкеринин атын жамынып, элдин акчасын алдап алган жаран кармалды

УКМК кызматкеринин атын жамынып, элдин акчасын алдап алган жаран кармалды

УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, Чүй облусунда жарандардын акча каражаттарын алдамчылык жолу менен ээлеп алган Н.Х.А. аттуу жаран кармалды. УКМУнын басма сз кызматынан кабарлагандай, Н.Х.А. УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, ИИМ өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө

Нарын шаарындагы дене тарбия борбору 33 млн сомго толук оңдоодон өттү

Нарын шаарындагы дене тарбия борбору 33 млн сомго толук оңдоодон өттү

Бүгүн Нарын шаарынын И.Асанов атындагы ден соолукту чыңдоочу дене тарбия спорт борбору толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттары менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек