Бишкекте 30 млн сомдук бассейн курулат – долбоор МЖӨ аркылуу ишке ашырылат

Бишкекте 30 млн сомдук бассейн курулат – долбоор МЖӨ аркылуу ишке ашырылат
Photo by Clark Tai / Unsplash

Борбор калаанын мэриясы КРнын триатлон Федерациясы менен 69 мектеп-гимназиянын бассейнин капиталдык оңдоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, оңдоо иштери жакында башталат.Иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: суу берүү жана чыпкалоо системасын, душ, чечинүүчү жайларды, машыктыруучу, административдик жана техникалык жайларды оңдоо жана модернизациялоо.

Ошондой эле келишим боюнча мектептин спорт аянтчасы жана чуркоочу спорттук айлампаны оңдоо, аларды заманбап резина менен каптоо жана жаңылоо пландаштырылууда.

Оңдоо иштери  5 айдан 7 айга чейин жүргүзүлөт. Федерациядан жана өнөктөштөрдөн тартылган инвестициялардын көлөмү 30 млн сомдон ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абадда 6,7 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу кампа курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбор курулганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кампа муниципалдык жер тилкесине курулуп, 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарды колдоо максатында кошумча каржылоонун эсебинен ишке ашырылган. Долбоордун алкагында 6 млн 644 миң

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Шэньси провинциясы менен финансылык кызматташтык талкууланды

Финансы министри Алмаз Бакетаев Шэньси провинциясынын финансы комитетинин директорунун орун басары Ли Синлун баштаган кытай делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли белгиленип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагында өнүгүп жатканы айтылды. Министр Бакетаев ири инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Туристтик компаниянын директору 307 миң сомдук алдамчылыкка айыпталууда

Бишкекте туристтик компаниянын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта Биринчи май райондук милициясына О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "MIRELLE & COMPANY" ЖЧКсынын директору М.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан