USAID "Айыл банкка" ишкерлерге насыя берүүнү автоматташтыруу үчүн кредиттик конвейер орнотту

USAID "Айыл банкка" ишкерлерге насыя берүүнү автоматташтыруу үчүн кредиттик конвейер орнотту

"Айыл банк" "Ишкана атаандаштыгы" гранттык жардамынын алкагында (USAID долбоору) Business & Finance Consulting (BFC) швейцариялык компаниясынан Master APS кредиттик конвейерин сатып алып, орнотту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.⠀

Кредиттик конвейерди киргизүүнүн негизги максаты – чакан жана орто бизнес үчүн кредиттерди берүү процессин автоматташтыруу болуп саналат.

"Кредиттик конвейерди киргизүү кредиттик продуктуларды тариздөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, күндөлүк банктык процесстерди бириктирүүгө, операциялык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, кредиттик конвейер ар кандай маалымат базаларында кардарды верификациялоо маселелерин чечет. Анын ичинде "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумуна интеграциялоо жолу менен өтүнмөлөрүн иштеп чыгууну автоматташтырат жана сапатын төмөндөтпөстөн бизнес-процессти аткаруу ылдамдыгын жогорулатат", - дейт "Айыл банк".

Натыйжада, банк төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:

• Кредиттик процессти башкаруу куралы

• Кредиттик циклди оптималдаштыруу

• Кызматкерлердин жана кардарлардын убактысын сарамжалдуу пайдалануу

• Операциялык каталарды азайтуу

• Кол жасалган операцияларды автоматташтыруу

• Бизнестин өндүрүмдүүлүгүн жана жалпы натыйжалуулугун жогорулатуу

• Автоматташтырылган кросс-текшерүүлөр

• Аналитикалык функцияларды стандартташтыруу

• Алдамчылык көрсөткүчтөрүн алдын алуу камтылган

• Кредиттик тобокелдикти талдоо

• Рыноктун позициясын күчөтүү.⠀

Финансы министрлиги ”Айыл банктын” акционерлер курамынан чыкты
Финансы министрлиги ”Айыл Банктын” акционерлеринин курамынан чыкты. Эми каржы мекемесинин жалгыз ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. ”Айыл Банктын” акционерлеринин курамынан чыгуу чечимин Финансы министрлиги 18-августта кредиттик…

Мындан тышкары окуңуз

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчү автобустар да көрсөтүлдү.  Учурда Каракол

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп курулду. Окуу жай сентябрдан баштап пайдаланууга берилет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, имараттын курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, жалпы наркы 132 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 665 чарчы

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жатат. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер