Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, көлгө коё берүү үчүн чабак жана сига балыктары өстүрүлүп, ошондой эле коммерциялык максатта форель жана келечекте судак өстүрүү каралган.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүгө эсептелген. Курулуш иштери 2026-жылдын июнь айында башталган жана ушул жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Президентке ишканада балыкты туруктуу өстүрүүнү камсыз кылган заманбап инженердик чечимдер колдонулары маалымдалды. Өндүрүш комплексине 33 балык өстүрүүчү бассейн жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоону камсыздаган булганыч заттарды сыртка чыгарбай турган заманбап суу тазалоо системасы кирет.

Долбоордун экологиялык жагына өзгөчө көңүл бурулган. Ишкана күн панелдеринин жардамы менен электр энергиясы менен камсыздалып, өндүрүштүн электр энергиясына болгон муктаждыгы толугу менен кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен жабылат.

Долбоор өндүрүштүн толук циклин — балыктын чабагын инкубациялоодон баштап даяр продукция чыгарууга чейин камтыйт. Ал ички рынокту жаңы муздатылган балык менен камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, аймактын чарбалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле продукцияны Россия Федерациясына жана Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган.
Ошондой эле мамлекет башчысына суу сыйымдуулугу 350 тоннага чейинки кемелерди чогултуу комплексинин долбоору тааныштырылды.

Белгиленгендей, долбоор экологиялык жактан таза технологияларды колдонууга негизделген. Концепцияга ылайык, суу чөйрөсүнө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай турган электр кыймылдаткычтары менен жабдылган кемелер чогултулат.

Долбоордун курамына кеме куруучу ангар жана эки кабаттуу административдик-тиричилик имаратынан турган өндүрүш комплекси кирет. Ангарда кемелерди чогултуу боюнча өндүрүш кубаттуулуктары жайгашса, административдик имаратта кызматтык, инженердик жана техникалык бөлмөлөр орун алат. Комплекстин жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзүп, анда 120 адам эмгектенет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media