Сегиз миңге жакын ишкерге 5.1 млрд сомго пайызсыз насыя берилди

Сегиз миңге жакын ишкерге 5.1 млрд сомго пайызсыз насыя берилди

"Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 2023-жылдын 1-октябрга карата 5 млрд 110 млн 806 миң 919 сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, насыяларды 7 миң 993 ишкер алган:

• 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 6 миң 973 ишкерге 3 млрд 622 млн 125 миң 244 сом берилген;

• 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1020 ишкер насыя алган.

Жалпы сумма 1 млрд 488 млн 681 миң 675 сомду түзгөн

Долбоор 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

1–6-май күндөрүнө карата күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел коркунучун алдын алуу максатында Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Облус башчысы тиешелүү кызматтарга аймактагы кооптуу тилкелерди 48 сааттын ичинде кайрадан текшерип чыгып, тобокелчиликтерди так аныктоо жана ыкчам

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Салык кызматынын өкүлдөрү корпоративдик духту чыңдооодо

Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү спартакиада болууда. Бул спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, борбордук аппараттан, “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинен жана башка ведомстволук түзүмдөрдөн келген Салык кызматынын кызматкерлеринин 12 курама командасы катышууда. Салтанаттуу ачылыш аземи кече Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн. Салык кызматынын төрагасынын

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө