ЕРӨБ Базар-Коргондун суу түтүктөрүн оңдоосуна 8.5 млн евро берет

ЕРӨБ Базар-Коргондун суу түтүктөрүн оңдоосуна 8.5 млн евро берет

Финансы министрлиги Базар-Коргон шаарынын суу түтүктөрүн реабилитациялоо долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу министрдин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Долбоордун жардамы менен Базар-Коргондо жана ага чектеш Акман, Бешик-Жон конуштарында таза суу инфраструктурасы калыбына келтирилет жана модернизацияланат. Натыйжада калк таза суу менен камсыздалат.

Банк 8.5 млн евро өлчөмүндө каражат берүүгө ниеттенүүдө, анын жарымы грант түрүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Мындан ары санариптик саясатты координациялоо толугу менен Президенттин иш башкармалыгына жүктөлөт. Маалыматка караганда, өлкөдө санариптештирүү боюнча жетишкендиктер бар болгону менен, айрыкча бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар сакталууда. Ошондой эле аймактарда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жетишсиз экени айтылат. Жаңы

Мыйзамсыз унаа киргизгендер кармалып, мамлекетке 6,2 млн сом төлөндү

Мыйзамсыз унаа киргизгендер кармалып, мамлекетке 6,2 млн сом төлөндү

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Кант” убактылуу сактоо кампасынан транспорт каражаттарды мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн бажы транзити жол-жобосу менен киргизилген “VOLVO” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар жана “WIELTON” үлгүсүндөгү чиркегич транзит аяктагандан кийин бажылык тариздөө жана бажы

1-майдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт

1-майдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт

1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа кымбаттайт. Өзгөртүүлөр Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө. Ага ылайык, жаңы тариф 2сом 60 тыйындан 2сом 94 тыйынга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана

Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

29-апрелде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Араван районунун С. Юсупов айыл аймагында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен Октябрь айылындагы 8 турак үйдүн короосун жана 5 турак үйдүн жер төлөөсүн суу каптаган. Кырдаалды жоюу иштерине ӨКМдин Араван райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу жана 3 атайын