Мамлекеттик ипотекалык компания аймактарда (Бишкек, Ош шарларынан сырткары) 2023-жылдын сентябрь, октябрь айларында 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Белгилей кетсек, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат. Бардыгы болуп, Кыргызстандын аймактарында «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасы аркылуу 3 фазанын алкагында (2020-жылдан 2023-жылга чейин) 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилген.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media