«Камбар-Ата-1" ГЭСин курулушуна Дүйнөлүк банк 5 млн доллар берет
«Камбар-Ата-1" ГЭСин курулушуна Дүйнөлүк банк 5 млн доллар берет. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Такталгандай, финансы министри Дүйнөлүк банк менен “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга кол койду.
Жардамдын жалпы суммасы 5 млн долларын түзөт.