АКШ Кыргызстанга дээрлик 1.8 млн жаңы балдар китептерин белекке берди

АКШ Кыргызстанга дээрлик 1.8 млн жаңы балдар китептерин белекке берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Окуу керемет!» долбоору аркылуу дээрлик 1,8 миллион балдар китептерин алышты. Бишкек шаардык №21 орто мектепте өткөн расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана USAID миссиясынын директору Кая Адамс катышты. Иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бүгүнкү туулган күнүнө жана анын 95 жылдык юбилейине арналат. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Бул китептер 2020-жылдан бери ар кандай жанрдагы 1500гө жакын жаңы аталыштагы балдар китептерин жараткан 60 жергиликтүү автор менен 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Алар үй-бүлө жана достук, урмат-сый, көп түрдүүлүк жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктарды жайылтат. Жергиликтүү төрт тилде жазылган китептердин электрондук нускалары, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык Bloom санарип китепканасында жеткиликтүү.

“Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен, биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз”, - деди USAID миссиясынын директору Кая Адамс.

 “Бул китептер жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор тарабынан балдардын жаш курагын жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Мындай китептердин балдарга өз эне тилинде, өзгөчө кыргыз тилинде жеткиликтүүлүгү бизди кубандырбай койбойт,” - деп Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев белгилеп кетти.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 450 000ден ашуун башталгыч класстын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат жана өлкөнүн мектептеринин 75% камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

“Лейлек Сүт” ишканасы күнүнө 600 литр сүттү кайра иштетүүдө

“Лейлек Сүт” ишканасы күнүнө 600 литр сүттү кайра иштетүүдө

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө жайгашкан “Лейлек Сүт” сүттү кайра иштетүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө жетекчи ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, жабдууларынын абалын жана чыгарылып жаткан продукциялардын түрлөрүн көрүп чыкты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. Орозбеков айыл аймагы жана

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Депутат Мирлан Жээнчороев “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төлөнүүчү күрөөнү 300 миң сомдон 150 миң сомго түшүрүү, ал эми шайлоо фондунун эң жогорку чегин 20 миллион сомдон

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

“АЮ” холдингинин мурдагы жетекчиси  Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, сот Исаевди 20-августка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен айып тагылууда.