Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Орозбеков айыл аймагы жана Шахимардан жогорку чыңалуудагы 35 кВ “Айдаркен-1” жана “Аайдаркен-2” аба чубалгыларынын үстүнө терек кулап, убактылуу электр энергиясыз калган. Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жаралган мүчүлүштүк жоюлду. Натыйжада Орозбеков айыл аймагы менен Шахимарданга электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.

Суубашы айыл аймагынын Бөжөй айылында сел сууларынын кесепетинен 6 кВ аба чубалгысындагы 6 даана электр мамычасы агып кеткен. Учурда адистер жеринде иш алып барып, бузулган электр тармактарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media