Өкмөт Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров инвестициялык фонддун корпоративдик стратегия боюнча башкы директорунун орун басары Мариус Дэн баштаган Franklin Templeton компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө активдерди башкарган компаниянын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды.

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөгө инвестиция тартуу, мамлекеттик компанияларды башкарууда реформаларды жүргүзүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу, ошондой эле компаниянын Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. 2029-жылга чейин аны 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы тармакта бир катар чечимдер кабыл алынды: Президенттин Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү болуп белгиленди. 2025-2029-жылдарга

Ишкер Media
Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media
Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев бүгүн Тбилисиде өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Министр климаттын өзгөрүшү суу тартыштыгына, селге, кургакчылыкка алып келип, чек аралык тобокелдиктерди жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, буга каршы күрөшүүдө жаңы система эмес, учурдагы улуттук институттарды күчөтүү керек. Ал тоолуу экосистемаларды

Ишкер Media
Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында Чоң-Карагайлуу жана Төш-Булак капчыгайларында селден сактоочу тосмолор курулат. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын мэриясынын долбоору боюнча, мэрия өзгөчө кырдаалдар шаардык бөлүмү менен биргеликте атайын программа менен сел жүрүу коркунучу бар Нарындын 4 капчыгайында селден сактоочу тосмолор курулат. Долбоор адамдардын жашаган үйлөрүн, жолдорду, шаар инфраструктураларын

Ишкер Media