Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен актуалдуу долбоорлорду каржылоо келишимдерин талкуулады

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен актуалдуу долбоорлорду каржылоо келишимдерин талкуулады

Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Т.Проскурякова менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министр Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,  ирригацияны жакшыртуу долбоорлору, Кыргызстандын кайра жаралуучу энергия булактары – 1 фазасы жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча жаңы каржылоо келишимдерин талкуулады.

Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасындагы электр энергия системаларын чыңдоо аркылуу гидроэлектроэнергетиканы өндүрүүнү көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоону камсыздоо (долбоордун суммасы – 80.2 млн доллары). Айта кетсек, КРнын Жогорку Кеңеши 5 млн долларына бааланган Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо долбоорун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Бакетаев баса белгилегендей, учурда өлкөдө жаңы суу сактагычтарды куруу, чарба каналдарын тазалоо, бетондоо, механизациялаштыруу, чарбалык ирригациялык системаларды реабилитациялоо жана калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2024-жылы бүткүл республика боюнча ирригацияны жакшыртууга жана суу чарба объекттерин курууга көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында Чоң-Карагайлуу жана Төш-Булак капчыгайларында селден сактоочу тосмолор курулат. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын мэриясынын долбоору боюнча, мэрия өзгөчө кырдаалдар шаардык бөлүмү менен биргеликте атайын программа менен сел жүрүу коркунучу бар Нарындын 4 капчыгайында селден сактоочу тосмолор курулат. Долбоор адамдардын жашаган үйлөрүн, жолдорду, шаар инфраструктураларын

Ишкер Media
Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Бүгүн, Кыргызстан боюнча 17 жаңы мектеп жана 3 бала бакча, жалпы 20 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алар Бишкек шаарында, Ош жана Манас шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө курулган №83 орто мектептин ачылышына МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Калган 16 мектеп

Ишкер Media
"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми

Ишкер Media
Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек. Департаменттин

Ишкер Media