Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди.
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек.
Департаменттин маалыматына ылайык, сатып алуу беш лотко бөлүнгөн. Анын ичинде 8,4 миллион сомго куткаруу иштерине керектүү жабдуулары менен үч тоо сноубайкын, 5 миллион сомго пресстөөчү механизм менен жабдылган таштанды ташуучу унаа сатып алуу пландалууда.
"Дагы 5 миллион сом кызматчыларды курорттун ичинде ташуу үчүн эки автоунаага каралган. Кар тазалоочу мини-жүктөгүч тиешелүү жабдуулары менен 4 миллион сомго бааланган. Дагы 13 млн сом сыртка орнотулуучу LED-экранга бөлүнөт. Тийиштүү талаптарга ылайык, техникалар тоолуу аймакта, кар жааган шартта жана суукта иштөөгө ылайыктуу болушу керек", -деп жазылат маалыматта.
Атайын техника үчүн Кыргызстанда запастык бөлүктөрдүн болушу же кеңейтилген кепилдик каралышы талап кылынат.