Кореянын элчилиги Бишкектин милициясына үч электромобилди тапшырды

Кореянын элчилиги Бишкектин милициясына үч электромобилди тапшырды

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББсинин басма сөз кызматы билдирирди.

Унааларды Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ тапшырган.

«Электромобилдер КР Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында, Бишкек ШИИББнын финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырылды», - деп белгиленди маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн кармоонун жогорку чегин киргизди

Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн кармоонун жогорку чегин киргизди

2026-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн жогорку чек (бул эмгек акыдан Социалдык фондго төлөнүүчү социалдык төгүмдөр) киргизилгенин Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Бул нормага ылайык, бир кызматкер үчүн ай сайын иш берүүчү менен кызматкер чогуу төлөй турган сумма өткөн жылдагы өлкө боюнча орточо айлык акынын 20 эселенген

Бишкек административдик соту Сүрөтчүлөр үйү боюнча мэриянын аракетин мыйзамдуу деп тапты

Бишкек административдик соту Сүрөтчүлөр үйү боюнча мэриянын аракетин мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн Бишкек шаарынын административдик соту "Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин Бишкек шаарынын мэриясына каршы доо арызын канааттандыруудан баш тартканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ошентип, мэриянын 2026-жылдын 23-февралындагы №52 "Муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу маселелери жөнүндө" токтому мыйзамдуу деп табылып, күчүндө калды. Ошондой эле соттун аныктамасы

Жогорку Кеңеш шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 29-апрелинде шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты. Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечилери мурунку чакырылыштагы 15 депутат болгон. Демилгечи депутаттардын маалыматы боюнча, мыйзам долбоору 5 бөлүмдөн, 11 бөлүмчөдөн жана 58 беренеден турат: I бөлүм — жалпы жоболорду камтыйт. Анда максаттар жана