Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Корея Оштун өрткө каршы-куткаруу бөлүгүн курулушун каржылап берди

Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имараты ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар  менен жабдылган.

Заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана KOICA – Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында   ишке ашып, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду.

Мындан тышкары окуңуз

2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышынын отчету каралды

2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышынын отчету каралды

23-апрелде Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы, Бишкек шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту карады. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди. Отурумда комиссиянын мүчөлөрү, 2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө баш калаадагы төмөнкү мекеме жана ишканаларынын отчетторун карашты. - Бишкек шаарынын мэриясынын

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүктөрү оңдолуп жатат

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүктөрү оңдолуп жатат

Өлкө аймагындагы унаа жолдордун абалын жакшыртуу максатында чарбалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында, Новопокровка айылынын аймагында 1 300 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп жатат. Ушул эле жолдун 12-чакырымында сол тараптагы 1000 чарчы метр чөккөн же көөп чыккан жерлери

Электр энергиянын баасы 3,03 сомду түзөт

Электр энергиянын баасы 3,03 сомду түзөт

Кыргызстанда быйылтан тарта электр энергиясынын 1 киловатт саатынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ишеним” депутатык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, калк электр энергиясынын ар бир киловатт сааты үчүн 1,37 сом тариф менен төлөйт.

Быйылкы жылдын 4 айында 1140 киберкылмыштуулук катталды

Быйылкы жылдын 4 айында 1140 киберкылмыштуулук катталды

Кыргызстанда киберкылмыштуулук өсүп, мындай иштер боюнча жалпы зыян 1 млрд сомдон ашканын CYBERTOR-2026 форумунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы 1547 киберкылмыш катталган болсо, 2026-жылдын үчүнчү кварталына карата бул көрсөткүч 1140ка жеткен. Абдиев белгилегендей, киберкылмыштуулук эң кооптуу кылмыш түрлөрүнүн бирине айланып барат. Кеңири тараган түрлөрүнө