Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу объектилеринде, конок үйлөрдө жана май куюучу жайда мыйзам бузуулар аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш ченемдери жана техникалык талаптары сакталбай келген.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер А.М., Н. Б., “Интегра Констракшн”, “СХ” ЖЧКлары жана “Jolgo” ишканаларына жалпы суммасы 1 053 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана объектилерди белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media