Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоосуна 22.4 млн швейцариялык франкы өздөштүрүлдү

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоосуна 22.4 млн швейцариялык франкы өздөштүрүлдү

Кыргыз Республикасы менен SECO (Швейцария) ортосундагы «Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24.7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды.

ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га чейин жогорулатылган. Станциянын коопсуздугу бекемделип, иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Азык-түлүк бааларына сереп: Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы абал кандай?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 22-апрелге карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия жана Казакстан) негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым товарлардын баасы бир аз жогорулаганы, ал эми бир катар азыктар арзандаганы аныкталды. Тактап айтканда, сабиз 0,3%га, тазаланган күн

Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат

Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен болгон көчмө жыйында билдирди. Маалыматка таянсак, “Сейил бак “Алга” стадионунун аймагындагы көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшош болот. Учурда каналдын жээгинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээтер бекемделип, коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Эске салсак, ушул

Туризмди өнүктүрүү фонду бюджетке 90 млн сомдук зыян келтирген

Туризмди өнүктүрүү фонду бюджетке 90 млн сомдук зыян келтирген

КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында Фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анын алкагында өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма жакшы

Бишкек — Ош каттамындагы билеттер арзандады

Бишкек — Ош каттамындагы билеттер арзандады

Монополияга каршы кызматтын кийлигишүүсүнөн кийин май майрамдары учурунда Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча авиабилеттердин баасы төмөндөтүлгөнү белгилүү болду. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, 22-апрелде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана өлкөдөгү алдыңкы авиакомпаниялардын — Avia Traffic Company, TezJet, Aero Nomad Airlines, Sky FRU жана "Асман Эйрлайнс" өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу