Россия «Чалдовар» ЖЭБин курулушуна жардам берет

Россия «Чалдовар» ЖЭБин курулушуна жардам берет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Россиянын  энергетика министри Николай Шульгинов «Чалдовар» жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташуу, өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Документ «Чалдовар»  жылуулук элекстр станциясынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун алкагында кыргыз-орус ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызматташуусуна багытталган, ошондой эле КРнын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо жана куруу жаатында башка келечектүү долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга фискалдык система киргизилгенден кийин салыктар 60%га өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. Салык кызматынын

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы "GREEN AIR" компаниясы менен биргеликте "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" аттуу экологиялык долбоорду баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Долбоор жаңы үйлөнгөн жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин өз үй-бүлөсүнүн символу катары бак отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына  асфальт төшөө жумуштары башталды.