Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тоюнун урматына көчөт отургуза алышат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы "GREEN AIR" компаниясы менен биргеликте "Жаңы үйлөнгөндөргө бак отургузуу" аттуу экологиялык долбоорду баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Долбоор жаңы үйлөнгөн жубайларга үйлөнүү тоюнан кийин өз үй-бүлөсүнүн символу катары бак отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул демилге үй-бүлөлүк салтты бекемдөө менен катар борбор калаанын жашыл аймактарын кеңейтүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, жаш жубайлар үйлөнүү тою болгон күнү же андан кийин белгиленген мөөнөттө шаардын коомдук жашыл аймактарынын бирине бак отургуза алышат. Ар бир отургузулган көчөт жашылдандырууга кошулган салым болуп саналат.

Долбоорго катышуу үчүн жубайлар тандалган күнгө кеминде эки жума калганда Бишкек мэриясынын расмий сайты же 0880005123 номуру аркылуу катталууга тийиш. Катталуу учурунда бак отургузула турган күн, убакыт жана район тандалат. Андан соң кызмат акысы QR-код аркылуу төлөнөт.

Уюштуруучулар ошондой эле бул кызматты жакындарынын үйлөнүү тоюна белек катары тартуулоого мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Долбоордун алкагында арыз берген алгачкы беш жубайга көчөттөр акысыз берилери да кабарланды.

Катышуу баасы көчөттүн түрүнө жана мезгилге жараша аныкталат. Тактап айтканда, тамыры жабык көчөттөрдү отургузуу 10-апрелден 25-октябрга чейин 15 500 сомду түзөт, ал эми жаз жана күз мезгилдеринде тамыры ачык көчөттөрдү отургузуу 7 800 сом турат.

Отургузуу үчүн четин, кайың, жөкө жана башка дарактардын түрлөрү колдонулат. Тандалган аймактын шарттарына жараша дарактын так түрү адистер тарабынан аныкталат. Отургузулган бактар кийин муниципалдык кызматтардын көзөмөлүндө жана туруктуу багуусунда болот.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media