Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Түп районуна 71,7 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. 2026-жылы бекитилген планга ылайык жалпысынан район боюнча 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, Талды-Суу – Арал унаа жолунун 10 чакырымына  асфальт төшөө жумуштары башталды. 

Түп – Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. 

Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. 

Түп – Шаты – Ичке-Суу – Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жол жасалат. 

Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө. 

Жолдун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  көзөмөлүндө. Иштер белгиленген графикке ылайык аткарылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө