Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант тартылат
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы — “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу системасына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Долбоордун жалпы баасы 10 миллион АКШ долларын түзүп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.
Долбоордун алкагында Өзгүр суу тазалоочу станциясын модернизациялоо, ошондой эле шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана “акылдуу” башкаруу технологияларына өткөрүү каралууда.
Мындан тышкары, мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны жаңылоо маселелери да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
Бул демилге Ош шаарынын суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.


