Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине ар кандай мүмкүнчүлүктөр жана колдоо чаралары каралганын "Биринчи радио" эфиринде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин(ИЖБИМ) башкы адиси Айзат Маматкеримова билдирди.

Анын айтымында, республикада жалпысынан 85тен ашык жогорку окуу жайы иштейт, анын ичинде 30 мамлекеттик мекеме бар.

Мурда мамлекет 6 миң гранттык орун бөлсө, бүгүнкү күндө 10 миңге чейин бөлүнүп жатат. Бюджеттик орундар чынында мамлекеттик окуу жайларга гана тийиштүү.

Айзат Мааткеримованын айтымында, жыл сайын мыкты студенттерге 60 миң сомдон Президенттик стипендия берилет. 2025-жылы 90 студент ушул стипендиянын ээси болгон.

Ал ошондой эле белгилегендей, магистранттар жана PhD докторлоруна "Эл үмүтү" стипендиялык программасы каралган. Соңку үч жылда бул программа менен 40ка жакын адам камсыздалган.

Мындан тышкары, ар кандай өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер боюнча эл аралык стипендиялык программалар да каралган.

Ал ошондой эле ИЖБИМдин мектеп окуучуларын колдоо максатында облустук олимпиада жеңүүчүлөрүнө карата өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилип жатканын эскертти.

Кабинет министринин долбоорунун жобосуна ылайык:

  • Быйыл облустук олимпиадаларда 1-3 орун алган окуучулар олимпиаданын предмети менен тийиштүү адистик жана багыт боюнча өзгөчө конкурссуз гранттык орундарга кабыл алынат. Бирок бул үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жетиштүү балл алуу шарт.
  • Эгер абитуриенттердин баллы бирдей болсо, артыкчылык облустук олимпиадаларда 1-3 орун алган окуучуларга берилет. Облустук олимпиадалардын тизмесин Билим берүү министрлиги аныктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.