Дархандык ишкерлер жеңилдетилген насыя боюнча маалымат алышты

Дархандык ишкерлер жеңилдетилген насыя боюнча маалымат алышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында жергиликтүү ишкерлер үчүн маалыматтык сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу кызматы билдирди.

Иш-чара "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарба кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда ишкерлерге айыл чарба өндүрүмдөрүн сактоо, кайра иштетүү жана логистиканы өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыялык каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Долбоордун адистери каржылоонун шарттары, мөөнөттөрү, багыттары, арыз берүү тартиби жана инвестициялык сунуштарды даярдоо боюнча түшүндүрмө беришти. Ошондой эле катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден жооп алышты.

Сессиянын жүрүшүндө ишкерлердин бизнес-долбоорлору жана аларды жеңилдетилген каржылоонун жардамы менен өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жыйынтыгында каржылоого кызыкдар жана өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар бир катар ишкерлер аныкталды.

Долбоордун өкүлдөрү ишкерлерге инвестициялык сунуштарды даярдоодон тартып, документтерди толтуруу жана банкка кайрылуу иштерине чейин консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media
Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен 19-октябрда билдиришти. Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Маалыматка ылайык, Хорватиянын Кыргызстандагы консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.  Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын

Ишкер Media
Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы спорт залдын курулушуна текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, текшерүүнү Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Текшерүүдө курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Курулуш аянтчасы убактылуу тосмо менен тосулган эмес, курулуштун ар бир этабын кабыл алуу талаптары

Ишкер Media