Аялдарга ипотекалык насыя берүүгө 65 млн доллар багытталат

Аялдарга ипотекалык насыя берүүгө 65 млн доллар багытталат

Мамлекеттик ипотекалык компания менен “Элдик Банк” Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан турак жай долбоору боюнча кайра каржылоо тууралуу башкы макулдашууга кол коюшту.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, аялдарды колдоого багытталган долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 млн долларды түзөт. Макулдашууга МИКтин башкармалыгынын төрагасы Талант Жекшенов жана “Элдик Банктын” башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кол коюшкан.

Долбоордун биринчи баскычында Кыргызстандын аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) аялдар үчүн ипотекалык насыя берүү программасы ишке киргизилет. Ал алгач өнөктөш катары “Элдик Банк” аркылуу ишке ашырылып, кийин башка банктар да кошулат.

Программага МИКтин турак жай алуу боюнча расмий тизмеде турган жана талаптарга жооп берген жарандар катыша алышат. Катышуучулар катталган күнүнө жараша кезеги менен чакырылат.

МИК билдиргендей, программа тууралуу маалыматтар мекеменин расмий сайтында жарыяланып, талаптарга жооп берген жарандарга SMS жана электрондук почта аркылуу кошумча кабарланат.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын