МИК 28 кабатка чейин үйлөрдү курат

МИК 28 кабатка чейин үйлөрдү курат

Мамлекеттик ипотекалык компания биринчи көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү көздөөдө. Алардын бийиктиги 28 кабатка чейин жетет. Бул тууралуу МИКтин ишмердүүлүгү боюнча Еconomist уюштурган жолугушууда мамкомпаниянын төрагасынын орун басары Амантур Оморов билдирди.

Оморов Түркияда жер титирөөнүн кесепеттерине көп кабаттуу үйлөр кулаганына көңүл бурду. Андыктан МИК үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурат.

«Биз үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Түркиядагы акыркы окуялардан улам курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты боюнча суроолор жаралууда. Монолиттүү үйлөрдү куруп, алардын сейсмикалык туруктуулугун текшеребиз», - деди чиновник.

Оморов үйлөр каскаддуу 10, 16, 20 жана 28 кабаттуу болорун баса белгиледи. Иштин сапаты бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилет.

Мындан тышкары окуңуз

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

БА мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышышты. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу өркүндөтүү жалпы негизги милдет болуп саналарын белгиледи

Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти

Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти

Кыргызстанда январь-сентябрь айларындагы кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жеткени статистикалык маалыматтарда келтирилди.  Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 3,1 млрд сомго же болжол менен 26,6%га көп. Ишкерликтин бул түрү боюнча физикалык индекс көлөмү  9 айда 116,7%га жеткен.  2025-жылдын сентябрь айында карата

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кечээ Ашхабадда акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форуму болду. Анда Беларустун, Өзбекстандын, Россиянын, Түркмөнстандын, Индиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тергөө органдары менен финансылык чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү катышканын Россия Федерациясынын Тергөө комитетин билдирди.  Форум катышуучулары криптовалюталарды мыйзамга каршы максатта пайдалануу менен күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кирешелерди жашыруу боюнча

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортуна барып, курулуш иштерин жеринде текшергенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди. К.Ташиев  учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койгон. Андан соң ал терминал имаратынын курулушу