Ноокатта 1000 кубдук суу резервуары ачылды
Бүгүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы Улуу-Тоо айылында 1000 м³ көлөмдөгү суу сактоочу резервуар ишке берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Р.Рысбаев, Ноокат районунун акими Н.Керимкулов, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курулуш 2025-жылдын февралында башталып, ушул жылдын августунда аяктаган. Долбоордун наркы 4 млн 501 миң сомду түздү.
Жаңы резервуар Улуу-Тоодогу 59 кожолукту, чек ара заставасын жана "Курбан-Тоо" ЖЧКсын таза ичүүчү суу менен камсыздайт.


