10-июндан баштап Астанага үзгүлтүксүз каттамдар жанданат

10-июндан баштап Астанага үзгүлтүксүз каттамдар жанданат

2023-жылдын 10-июнунда Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча кезектеги авиакаттам жанданат. Бул тууралуу «МЭА» ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамды FlyArystan авиакомпаниясы  жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы – 2 саат.

Бул авиакаттамга байланыштуу суроолор жаралса, авиакомпания менен түз байланышуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.     Бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Белгилей кетсек,

Бишкекте 14 автобустун каттам багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 14 автобустун каттам багыты өзгөртүлдү

16-июндан тарта Бишкек шаарында Киев көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24. Оңдоп-

“Манас” аба майданына баруучу жол жарыктандырылат

“Манас” аба майданына баруучу жол жарыктандырылат

“Кыргызстандын аэропорттору” ААК аэропорттук инфраструктураны гана эмес, өлкөнүн аба дарбазаларына ыңгайлуу жана коопсуз жетүүнү камсыз кылган объектилерди өнүктүрүү боюнча иштерин ырааттуу улантууда. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Манасбек Самидинов маалымадыды. Маалыматка ылайык, учурда “Манас” эл аралык аба майданын борбор калаа менен байланыштырган жолго сырткы жарыктандыруу орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат.

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен