Бишкекте 14 автобустун каттам багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 14 автобустун каттам багыты өзгөртүлдү

16-июндан тарта Бишкек шаарында Киев көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт. Өзгөртүлгөн чиймелер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында иштелип чыккан. Шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспортту пайдаланууда каттамдардын жаңыланган чиймелерин алдын ала тактап алууну сунуштайт. Тиешелүү маалыматтар шаардык транспорт кызматтарынын расмий маалымат булактары аркылуу үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Бишкек шаардык мэриясы айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн каттамдарын алдын ала пландап, келтирилген ынгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт