Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.    

Бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айына карата өлкө боюнча 191,5 чакырым жол асфальтталган.  

Учурда транспорттук-логистикалык потенциалды жогорулатуу, жол коопсуздугун камсыздоо жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол куруу жана оңдоп-түзөөиштери өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жол курулушу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды