«Бишкек-2 – Балыкчы» поезди жүрө баштайт – билетти кантип сатып алса болот

«Бишкек-2 – Балыкчы» поезди жүрө баштайт – билетти кантип сатып алса болот

2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө «Бишкек-2 – Балыкчы» багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы кабарлайт.

Такталгандай, поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Бул вагонго билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып алууга болот.

«№608 «Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» станциясына саат 11:42де келет. №609 «Балыкчы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» станциясынан саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет», - деп мекеме белгиледи.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:

  • мобилдик тел.: 0705 076696
  • стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Read more

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь